Мэриянын кызматкерлеринин унаа айдоосуна чектөө киргизилет

Бишкекте мэриянын кызматкерлерине жеке жана кызматтык унаасын пайдаланууга чектөө киргизилет. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатын көздөйт.

 

Чектөөгө ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Белгиленгендей, бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон күндөр деп саналат.