Муктаждыгы жок айдоочуларга жакынкы төрт күндө жолго чыкпай туруу сунушталат

Шашылыш муктаждыгы жок айдоочуларга жакынкы төрт күндө ашуулар аркылуу жолго чыкпай туруу сунушталат.

Кыргызгидромет билдиргендей, көпчүлүк аймактарда нөшөрлөп жааган жаан кар күрткүсүнө айланып, муздардын тоңушуна алып келет.

Аргасыз тоолуу жолго чыккан айдоочуларга унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, каршы тилкеге ​​чыкпоо сунушталат.