Муниципалдык кызматтар ордо калаа жолдорун көрктөндүрүп баштады

Муниципалдык кызматтар ордо калаа жолдорун көрктөндүрүп баштады.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрель – Достоевский тилкесинде чуңкурларды бүтөө иштери жүрүп жатат. Гагарин көчөсүндө, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жана профессор Зима, Архитектор көчөлөр кесилишинде жол чийиндери жаңыртылууда.

 

Андан тышкары, Алыкулов көчөсүндө Селекция – Токтогул тилкесинде жол катмарындагы жаракалар калыбына келтирилип жатат. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.