“Мурас” турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет

“Мурас” ипотекалык турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда батирлердин ички ремонт иштери жүрүп жатат.

 

Аталган комплексте жалпысынан 39 блоктон турган көп кабаттуу үйлөр курулат. Былтыр жазында биринчи этаптагы 18 кабаттан турган 11 үйдүн курулушу башталган. Ал эми май айында курулуштун экинчи этабы колго алынган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.