Министрлер кабинети тууну өзгөртүүгө макулдугун берди

Министрлер кабинети тууну өзгөртүүгө макулдугун берди. Өкмөттүн корутундусунда туунун долбоорунда так эместиктер болгону белгиленип, аны оңдоо сунушталган. Документте жазылгандай, 1992-жылкы үлгүдөгү мамлекеттик желектин сүрөтү түшүрүлгөн бардык расмий документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот.

 

Ошондой эле автоунаалардын номерлери, унааны каттоо күбөлүгү аларды алмаштыруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын чечими чыкканча жарактуу.

 

Белгилеп кетсек, жаңы сунушталган вариантта туудагы күн нурлары толкун сымал эмес, түз болуп өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.