Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарында депутаттарды шайлоого карата 300 миңден ашык бюллетень даярдалды

Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарында депутаттарды шайлоого карата 300 миңден ашык бюллетень даярдалды. БШКдан билдиришкендей, документтер жогорку коргоо деңгээлине ээ, аларга автоматтык эсептөөчү урна окуй турган атайын сыр тушүрүлгөн.

 

Эске салсак, 3 округ боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 30-июнда өтөт.

 

Алар парламентке мандаттарын тапшырган депутаттардын ордуна келет.