Бишкек жана Чүйдө убактылуу жашаган баткендиктер жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна электрондук добуш берүү жолу менен катыша алат.
Боршайкомдон билдиришкендей, жарандарга электрондук кол тамга берилип, процедуранын жол-жобосу түшүндүрүлдү.
Эске салсак, электрондук добуш берүү сыноо режиминде Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл кеңештеринде колдонулат. 5 облустагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт.