Норвегияда өзгөчө вакансия пайда болду

Норвегияда өзгөчө вакансия пайда болду. Жергиликтүү интернет-браузер киши жашабаган аралда бир жумага калып, жаңы функцияларды сынай турган кызматкерди издеп жатат.

 

Бул үчүн компания 10 миң доллар төлөөгө даяр. Аралда бир гана турак-жай бар жана анда жашаган жаныбарлар, адамдар тууралуу такыр маалымат жок. Кошумча бонус катары кызматкер жанына бир адамды алса болот.