Сокулуктагы Новопавловка мектебинин кошумча корпусу быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Объект 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 90%га аяктады.