Олимпиада-2024: Бүгүн Тыныбекова менен Лазарев мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев мелдешке чыгат.

 

Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болот. Ал эми Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келет.

 

Эске салсак, учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.