Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын бардыгына акчалай сыйлык жана унаалар тапшырылды

Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын бардыгына акчалай сыйлык жана унаалар тапшырылды.

 

Кураманы расмий тосуп алуу салтанаты Эски аянтта өттү. Күмүш медаль тагынган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 миллион сомдон, коло медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбековго 7 миллион сомдон тапшырылды.

 

Ал эми бардык катышуучуларга 500 миң жана 1 миллион сомдон берилди. Ар бир спортчуга жаңы унаалардын ачкычтары дагы тапшырылды.