Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчулардын сый акысы көбөйтүлдү

Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчулардын сый акысы көбөйтүлдү. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алганынын 24.kg агенттиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, күмүш медаль үчүн 10 миллион сом, коло медаль уткандарга 7 миллион сомдон тапшырылат. Буга чейин мындай даражадагы медалдарга 7 жана 5 миллион сомдон убадаланган болчу.

 

Белгилеп кетсек, Парижде өткөн жайкы олимп оюндарында кыргызстандык спортчулар 2 күмүш жана 4 коло медаль ээлешти.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.