Ош облусунда курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды

Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

 

Мунун алдында Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (террордук акт) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтенип жаткан.

 

Жашыруун жайда желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү бир даана (8мм) тапанча, италиялык өндүрүштөгү бир даана (8 мм) тапанча, чет элдик өндүрүштөгү бир даана тапанча (9 мм) алынды. Ошондой эле Ф1 үлгүсүндөгү бир даана гранат, бир даана детонатор капсуласы, АК-74-1 маркасындагы магазин, 61 даана 9 мм, 7,62 мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар, мээлейлер, беткаптар алынды.

Табылган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.