Ош облусунда милиция коомдук тартипке дрондордун жардамы менен көз салат

Ош облусунда милиция коомдук тартипке дрондордун жардамы менен көз салат. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Кайгуул Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорунда жана Ош аэропорту менен “Достук” өткөрүү түйүндүндө жүргүзүлөт.

 

Ведомстводон кошумчалашкандай, учурга карата дрондор сыноо иретинде Кара-Суу районунда колдонулуп баштады.