Ош облусунда селден жабыркаган насыя алуучулардын маселеси каралат

Ош облусунда селден жабыркаган насыя алуучулардын маселеси каралат.

 

Бул тууралуу Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев билдирди. Анын айтымында, жарандардын кредиттик операцияларын кайра кароо чечими кабыл алынды.

 

Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын суу каптаган. Анда бир катар соодагерлердин күркөлөрү жабыркап, товарларынын көбүн суу агызып кеткен.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.