Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кымбаттоосун улантууда

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кымбаттоосун улантууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Соңку 5 күндө отундун наркы 1 сом 15 тыйынга көтөрүлсө, айдын башынан берки өсүш 2 сом 27 тыйынды түздү.

 

Учурда өлкө аймагында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри болжол менен 64 сом 30 тыйындан сатылууда.

 

Белгилеп кетсек, кымбаттоо Россиядан дүңүнөн кое берилген отундун баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу болуп жатат. Ал эми коңшу Казакстанда күйүүчү майдын дефицити катталууда.