Ош облусунун Алай районунда жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Алай районунда жаңы мектеп пайда болот. Кичи-Бүлөлү айылындагы окуу имараты 150 орунга чакталат. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү.

 

Анда окуу корпусунан тышкары, акты жана спорт залдары, ашкана каралат. Нарматов атындагы буга чейинки мектеп имаратынын эскилиги жеткендиктен, жаңы окуу корпусун куруу чечими кабыл алынган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.