Сокулуктагы бала бакчанын имараты балдарга кайтарылды

Сокулук райондук прокуратурасынын доо арызынын негизинде райондогу бала бакчанын имараты, жери менен кайтарылып алынды.

Башкы прокуратура маалымдагандай, аталган бала бакчанын эки кабат имараты 2004-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен Социалдык Фонддун райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Соцфонддун райондук башкармалыгы аны административдик имарат катары колдонуп келген.

Имараттын баасы — 10 млн. 120 миң сом.

Сокулук райондук прокуратурасынын аталган бала бакчанын имаратын кайтаруу жөнүндө сотко кайрылган доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Мындан ары аталган имарат баштапкы багыты — бала бакча катары пайдаланылат.

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 24-апрелде билдиргени боюнча, өлкөдө 1 млн. 200 миң баланын 76% (900 миң бала) бала бакчага барбайт.