Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрдү

Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кара-Ой жана Калдай айылдарында турак-жайларды, боз үйлөрдү жана ички чарбачылык жолдорду суу каптады.

 

Жыйынтыгында бир нече жолдор унаа кыймылына жабылды. Жеринде Ноокат районунун куткаруучулары иштеп, селдин кесепетин жоюу аракетин көрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.