Ош шаары менен облустун прокурорлору дайындалды

Башкы прокурордун буйругу менен Ош шаарынын прокурору кызматына Бакытбек Сыдыгалиев дайындалды.

 

Башкы прокурордун биринчи орун басары Б.Маатов жаңы дайындалган Сыдыгалиевди Ош шаарынын прокуратурасынын жамаатына жана шаардын аймагындагы мекеме жетекчилерине тааныштырды.

 

Бактыбек Сыдыгалиев 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй областтарынын прокуратураларында иштей баштап, Сокулук районунун, Балыкчы шаарынын Жалал-Абад облусунун, Таш-Көмүр шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун прокурору болуп эмгектенген.

Ал эми Ош облусунун прокурору кызматына Чыңгыз Ахматов дайындалды.  Ал Талас облусунун прокуратурасында, Башкы прокуратурада, Жалал-Абад, Ош облустарынын прокуратураларында  иштеген.

 

Чүй облусунун Токмок шаарынын, Ысык-Ата районунун жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп эмгектенген.