Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга карата жаза күчөтүлөт

Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга карата жаза күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 8-марттан тарта күчүнө кирет.

 

Максаты — аварияларды азайтуу. Документке ылайык, жол чырактын кызыл түсүнө өтүү же тротуар менен жүрүү үчүн айып 3 миң сомдун ордуна, 5 миңге теңелет.

 

Айдоочунун тиешелүү документи жок болсо, 15 миң сом айып төлөөгө аргасыз болот. Ал эми учурдагы айып 5 миң 500 сом. Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым ашса, каршы тилкеге чыкса жана бейбаштык кылса — 15 миң сом, ал эми эреже кайталанса 6 айга айдоочу күбөлүгүнөн ажыратуу каралат.