Ош шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт

Бүгүн Ош шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 17.00гө чейин тѳмѳндѳгү даректерде электр энергиясы өчүрүлөт:

— Бекбалаев, Ашимахунов, Навои, Раимбеков, Ош, Монуев, Өзгөн, Турсунбаев, Масалиев, Алай, Сун-Ят-Сена, Бабараимов, Кара-Суу, Мира, Жим, Абакир уулу Төрөбек, Кош-Таш, Парпиев, Аношин, Артыков, Водозаборная, Иминов, Мирсаатов, Исанов, Ташкент, Айтмаматов, Базарная, Бахрамов көчөлөрүндө;

— Курманжан-Датка көчөсү (Кол Өнөрчүлөр-Давыдов көчөлөрүнүн аралыгында), Ленин көчөсү (Мамаджан-Арзыкулов көчөлөрүнүн аралыгында);

— Кулатов, Төлөйкөн кичи шаарчаларында жана Жапалак, Арек, Орке, Бирлешкен, Мээркан айылдарында, Дыйкан Кыштак участкасы.

 

Мунун себеби 2023–2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу.