Ош шаарынын борбордук базары кадимки тартипте иштеп жатат

Ош шаарынын борбордук базары кадимки тартипте иштеп жатат.

 

Бул тууралуу биринчи вице-мэр Марс Исаев билдирди. Анын айтымында, соода аймагы жаңы базар ачылганга чейин жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Бирок учурда аны көчүрүү боюнча сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, сел каптаган борбордук базарды Жапалак айылына көчүрүү чечими кабыл алынды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.