Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Ага ылайык, 31-мартка чейин борбордук аянттар менен көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынат.
Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.