Ош жана Баткен облустарында көмүр кендери ачылат

Эртең Ош жана Баткен облустарында көмүр кендери ачылат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Баткендеги Урмизан-3 көмүр кени Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан. Инвестициялык долбоордун көлөмү 3 млн долларды түзөт. Көмүр кенде 26 жумушчу иштейт.

 

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында Загара-2 көмүр кени иштеп баштайт. Инвестициянын суммасы 5 млн долларды түзгөн кенде 77 кызматкер эмгектенет.

 

Белгиленгендей, ишканалар калкты күз-кыш мезгилине сапаттуу, арзан көмүр менен камсыздоо жана жогорку деңгээлдеги көмүр экспортуна жетишүү максатында ачылууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.