Ош жана Баткен облустарынын тургундары арзан баада көмүр менен камсыздалат

Ош жана Баткен облустарынын тургундары арзан баада көмүр менен камсыздалат. Бул тууралуу 24 агенттигине “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Сүйүнбек Мамашев билдирди.

 

Анын айтымында, эки облуста Урмизан-3 жана Загара-2 көмүр кендери ишке кирди. Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы бул кендерден чыгарылган кара отундун баасын бекитет.

 

Ал базар баасынан төмөн болушу керек, — деди Мамашев. Эске салсак, Баткен облусуна көмүр жеткирүү алыс жана кыйынга тургандыктан, кышында отундун баасы 13 миң сомго чейин жеткен учурлар катталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.