Ошко Өзбекстандан 100 автобус келет

Ошко Өзбекстандан 100 автобус келет. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, лизинг келишими Ош шаардык мэриясы менен түзүлгөн.

 

Фонд Самарканддагы автозаводдо чыгарылган автобустарды сатып алууну каржылоону камсыздайт. Муну менен түштүк борбордун коомдук транспорттук автопаркы кеңейтилип, жаңыланат.