Жыл башынан бери 26 миңден ашык бала бир жолку “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алышты. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, акчанын жалпы суммасы 105 миллион сомдон ашты.
Эске салсак, төлөмдүн суммасы 4 миң сомду түзөт. Эгер бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, анда ар бир балага 50 миң сомдон берилет.
“Балага сүйүнчүнү” каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу керек.