Ошто борбордук базардын курулушу башталды

Ошто борбордук базардын курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, жаңы соода аймагы Осмонов көчөсүндө жайгашат.

 

Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган. Жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы кошумча жолдорду ачуу каралат.

 

Бул жерде соодагерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.