Бишкек шаарынын негизги жолдору кеңейтилет. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ордо калаадагы алты көчө эмки жылдан тарта кеңейтиле баштайт.
“Чүй проспектиси, “Фучик, Жибек-Жолу, Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү латокторду алып, анын ордуна трубаларды жаткырып, ошонун эсебинен жолдорду кеңейткени турабыз”, – деди Абдыкадыров.