Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулуша капсула салынды

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулуша капсула салынды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, “Асман резиденс” комплексинде 12 кабаттан турган   8 үй курулат.

 

Андагы батирлердин жалпы саны – 528. Үйлөр колдонууга 1,5 жылда берилет деп пландалууда. Долбоорго ылайык, жанында спорт зал, унаа токтотуучу жана тамактануучу жайлар жайгашат.

 

Аталган турак-жай комплексиндеги батирлер мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жылдык 4-8 үстөк пайызы менен   25 жылга берилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.