Ош облусунда бүгүн, 9-мартта саат 10:42лер чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Жердин силкинүүсү Алай районунун Ачык-Суу жана Сары-Могол айылында 2 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.