Паралимпиадада Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргойт

Паралимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргойт. Маматибраим Суранов дзюдо, Миргүл Боталиева пауэрлифтинг, Айтунук Жоомарт кызы менен Гүлназ Жүзбаева триатлон боюнча күч сынашат.

 

Паралимпиада 28-августтан 8-сентябрга чейин Парижде өтөт. Мелдештин жүрүшүндө спорттун 22 түрү боюнча 549 ​​медаль ойнотулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.