Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында Индия, Казакстан жана Кытай спортчуларын жеңип алды.

 

Муну менен Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду. Биринчи алтынды эки жыл мурда Улан-Батордо континенталдык биринчиликте багындырган.

 

Чемпионатта дагы эки кыргызстандык кыз коло медаль тагынды — Арууке Кадырбек кызы жана Гүлнура Таштанбекова.