Париж-2024: Бүгүн балбандар Исмаилов, Махмудов жана Жусупбеков килемге чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн Кыргызстандын үч балбаны — Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште күчтөрүн сынайт.

 

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Махмудов колумбиялык Алексис Муньоз менен кез келет. Жусупбеков 97 килограмм салмакта АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау менен күрөшөт.

 

Амантур Исмаилов болсо 67 кг салмак ченинде грузиялык Рамаз Зоидзе менен алгачкы беттешин өткөрөт. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3тө башталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.