Париж-2024: Бүгүн Денис Петрашов 200 метрлик жарышка чыгат

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарышка чыгат. Ал 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт.

 

Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышат. Сууда сүзүү боюнча беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 5ке жакын башталат.

 

Эске салсак, Денис Петрашов 27-июлда 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес. Эми суучулдун медаль үчүн дагы бир мүмкүнчүлүгү бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.