Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык төрт балбан мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык төрт балбан мелдешке чыгат.

 

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. Күрөш Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3тө, жарым финалдык кармаштар түнкү 10дон өтүп башталат.

 

Андан кийин медаль үчүн мелдештер орун алат. Килемге биринчи Жоламан Шаршенбеков чыгып, коло үчүн күчүн сынайт. Алтын байге үчүн Мээрим Жуманазарова америкалык спортчу Эмит Элор менен таймашат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.