Париж-2024: Балбан Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Париж Олипиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анын чейрек финалда жеңилген украиналык атандашы Парвиз Насибов жарым финалда азербайжандык Хазрат Жафаровду жеңип, финалга чыкты.

 

Эрежеге ылайык Исмаилов эми көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Андан утса, коло байге үчүн күрөшөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.