Париж-2024: Махмудов менен Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгышат. Таймаштар бүгүн, 7-августта болот.

 

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Махмудов колумбиялык Алексис Муньоз менен күч сынашат. Жусупбеков 97 килограмм салмакта АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау менен күрөшөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.