Париж Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды. Ал Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы Олимпиадада эки жолу байге алган алгачкы спортчу болду.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Эмит Элор менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилди.
25 жаштагы Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло медаль уткан.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.