Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты. Ал 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, кубалык Орта Родригез дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде жеңди.

 

Мунарбек Сейитбек уулу эми 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.