Париж Олимпиадасына катышкан спортчулар Кыргызстанга келишти

Парижде өткөн Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар менен алардын машыктыруучулары жана дарыгерлер 13-августта Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан туугандары, күйөрмандары жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тосуп алышты.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду.

 

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барды. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да күмүш медал алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медал утту.

 

Бул Олимп оюндарына андан тышкары дзюдочулар Эрлан ШеровКубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских, грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов, эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев, 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта Айпери Медет кызы, эркин күрөштөн 125 кг салмакта Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова катышты.

Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи.