Париждеги Олимп оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Париждеги Олимп оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты. Ал бокстон жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп алды.

 

Мунарбек Сейитбек уулу финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Таймаш 11-августта өтөт.

 

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болуп калды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.