Париждеги Олимпиадада 329 комплект медаль ойнотулат

Париждеги Олимпиада оюндарында 329 комплект медаль ойнотулат.

 

Оlympics маалымдагандай, алтын байгенин салмагы 529 грамм, күмүштүкү — 525, коло медаль 455 граммга жетет. Жалпысынан оюндар үчүн 5084 медаль жасалды. Париж медалдын дизайнын Chaumet компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан.

 

1896-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Олимпиада оюндарындагы 36 миң 600 медалдан Париж-2024 мелдешинде берилүүчү медалдар өзгөчөлөнүп турат.

100 жылдан кийин оюндар кайрадан Францияда өткөрүлгөнү жаткандыктан, алтын, күмүш жана коло медалдарынын ар биринде Париждин символу атыккан Эйфель мунарасынын качандыр бир бөлүгү болгон металлдын 18 граммды түзгөн бөлүкчөлөрү камтылат. Алар бир канча ирет реконструкцияланган мунарадан алынган металлдар болуп саналат.