«Ош Сити» деген акылдуу шаарча куруу сунушталды

Ошто 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган «Ош Сити» акылдуу шаарча куруу сунушталды. Бул тууралуу шаардык административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.

 

Жыйында шаардын 2025-жылга чейинки Башкы планы көрсөтүлүп, анда калаанын аймагын кеңейтүү, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты белгиленди.