Президент кеңешчилери менен жардамчыларын кызматтан бошотту

Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтан бошотту. Президенттин басма сөз кызматы бул мамлекет башчынын администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынган чечим экенин билдирди.

 

Маалыматка ылайык, баш-аягы президенттин коомдук башталыштагы жети жардамчысы жана 19 кеңешчиси кызматтан бошотулду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.