Президент мыйзам бузган ишкерлерди күрөө менен бошотуу долбоорун сунуштады

Президент мыйзам бузган ишкерлерди күрөө менен бошотуу долбоорун сунуштады. Кылмыш-жаза кодексинде каралган бөгөт коюунун башка чаралары катары — электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө жана үй камагын колдонуу каралат.

 

Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кылмыш-жаза кодексине мыйзамдуу ишкердик менен алектенгендерге тоскоолдук кылгандардын жоопкерчилигин караган берене кошулуп, мындай мыйзам бузуу үчүн айыпты  100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүү сунушталууда.

 

Документ Кыргызстандагы ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталат.