20-августтан тарта автобус, троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт

20-августтан тарта автобус, троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 2020-жылдын март айынан бери швейцариялык компания борбор калаада “Тулпар” электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

 

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

 

Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт.  Стандарт көк карталарын “Кыргызпочтасы” бөлүмдөрүнөн жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот.