Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

Айтибаев Курбанбек президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Буга чейин бул кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка ишке которулгандыгына байланыштуу жумуштан кетти.

 

Курбанбек Айтибаев буга чейин Ош облусунун Араван райондук жана Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы кызматтарын аркалап келген.