“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема Франция курамасы үчүн эми ойнойбойт

“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема Франция курамасы үчүн эми ойнойбойт. Футболчу курамалык карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. 35 жаштагы футболчу үч түстүүлөр үчүн 97 беттеш өткөрүп, 37 гол менен өзгөчөлөнө алган.

 

Катарда өткөн дүйнө чемпионатына ал бутунан жараат алгандыктан катышкан жок. Бирок курамдан чыгарылган эмес. Франция, эске салсам, дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси болду.